Министрлер кабинети социалдык-экономикалык маселелер боюнча антикризистик комитет түздү

Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү.

Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитеттин жетекчиси болуп Министрлер кабинетинин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Антикризистик комитеттин төрагасынын орун басары болуп бекитилди.

Антикризистик комитеттин курамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын бир катар жетекчилери кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан