2 жаштагы Айтурган Доктураинованын ата-энеси SUPER.KG порталына элден жардам сурап кайрылды. Айтурганга медицина кызматкерлери ак кан диагнозун коюшкан. Кызына Түркиядан кымбат баалуу операция жасатуу керектигин айтып, апасы Жазымай Кубатова төмөнкүлөрдү айтып берди.
“Кызым былтыр апрель айында сасык тумоо болуп, 1 жумадай ооруду. Дарыгерлерге кайрылсак, "ибуфен бергиле" деп коюшту. Бирок ага болбой эле кайра-кайра ооруп жатты. Бир күнү ойноп жүрүп эле буту баспай калды. Рентгенге тарттырсак, “буту сыныптыр” деп гипс салып коюшту. Колун кыймылдата албай жатканынан улам колун да гипстеп салышты. Алы жок кызым шалдырап эле тамак жебей жатып калды. Доктурларга кайра кайрылганыбызда “гемоглобин аз" деп жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Көп өтпөй эле "коронавирус жуктуруп алган" дешип өзүнчө бөлмөгө которушту. Ал жактан 10 күндөн кийин чыктык. Үйдөн жөтөлү күчөгөндүктөн тамак оорунун дарыларын жазып беришти. Эч кандай жардам болгон жок, тескерисинче кулагынын арты, моюну шишип кетти. Кайрадан дарыгерлерге кайрылсак, сакоо (свинка) оорусу деп калышты. Ооруканадан кызымдын мурду, тиши канап, денесине кызыл бүдүрлөр пайда боло баштады. Кийин кан тамырлары жарылып баштаганын билдик. Мындан улам онкология борборуна алып келсек, 11-август күнү “ак кан оорусу” деген диагноз коюшту. Ошентип 3 ай убактыбызды жөн эле кетириптирбиз.
Кечээ, 11-март күнү ооруканадан кызыбызды 10 күнгө үйгө чыгарышты. Абалы оор. Айтурганга 7 айлык уулум донор болмой болду. Ал эми операциянын баасы 80 миң доллар деп айтышты. Учурда 4408 доллар акча каражаты чогулду.
Тилекке каршы, мындай сумма бизде жок болуп жатат. Кайдыгер карабаган, боорукер, мээримдүү кыргыз элим, колдон келишинче жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Сиздерден жардам сураганга муктажбыз”, - деди Жазымай Кубатова.
Реквизиттер:
Элсом: 996556472947
MegaPay: 996556472947
О! Деньги: 996501554001
МБанк онлайн: 996501554001
МБанк карта VIZA: 4177 4901 5178 3992 ZHAZYMAI KUBATOVA Optima Bank VIZA Classik: 4169 5853 4141 1709 NURLIN TOIHOZHOEV СберБанк: 5228 6005 5839 2249
ZiraatBankasi: TR350001009010148808505001 SAMIDA TOIKHOZHOEVA
Апасынын номери: 0501554001 Жазымай Кубатова
Атасынын номери: 0755621262 Нурлин Тойхожоев