Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу кечээ, 12-мартта Тажикстандын “Гулистон” өткөрүү пунктунда болгон. Ага Кыргыз Республикасынан УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев катышкан.
Ал эми Тажикстандан Чек ара кызматынын жетекчиси Ражабали Рахмонали, Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода катышкан.
Сүйлөшүүдө чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты сактап калуу жолдору, чек арага жакын айылдарда коомдук тартипти сактоо маселелери талкууланган.