Президенттин жашылдандыруу боюнча өнөктүгүн Оштогу өкүлү улантты

Ош облусунда "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-мартта Кыргыз Республикасындагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата президент Садыр Жапаров «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө старт берди. Анын алкагында кечээ, 12-март күнү эле президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүндө 500 түп көчөт тигишкен.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинде Кыргызстан БУУга 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун бергенин эске салды. 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп жана 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан. Февралда «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган. Мамлекет башчысы табиятты кийинки муунга сактоо маанилүү экенине көңүл бурдуруу үчүн иш-чара «Жашыл мурас» деп аталганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан