Бишкекте бүгүн арзан ун сатылган жарманкелер өтөт

Бишкекте бүгүн арзан ун сатылган жарманкелер өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап жатып билдирди.

Анын айтымында аталгандай жарманкелер Бишкек шаарындагы бардык базарларда өтүп, ал жерлерде ундар заводдогу баа менен сатылат.

“Ун заводдордун өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаарындагы ар бир базарга эки заводдун өкүлдөрү барышат. Алар базарда ярмарка өткөрүшөт. Ал жерде ундун баасы заводдун баасында болот, үстүнө эч кандай үстөк кошулбайт”, - дейт эл өкүлү.

Муну менен катар эле аталгандай жарманкелер Жалал-Абад жана Ош шаарларында дагы уюштуруларын билдирди.

“Жалал-Абад шаарында дагы Чоң-Тегирмендин алдында жарманке уюштуруп жатабыз. Ал жерде өсүмдүк майын дагы заводдун баасында сатып алсаңыздар болот.

Ош шаарындагы Мариям заводунда дагы ун сатылат. Ал жерде заводдун баасы менен бир мүшөк сатып алсаңыз болот. Буга кошумча ал жерде өсүмдүк майы дагы сатылат, ал дагы заводдун баасында”, - деген Төрөбаев.

Арзан ундар сатылат Бишкекте
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан