Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардам катары келген унду сатыкка койдубу?

Буга чейин социалдык тармактарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардам катары келген унду сатыкка койгону тууралуу маалыматтар колдонуучулар тарабынан тараган.

Бул боюнча министрлик кайрылуу жасап, унду сатыкка жардам катары алган адамдар койгонун билдирди.

“12-мартта Елена Акматова аттуу Facebook колдонуучусу гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатат деп жазып, далил катары Lalafo сайтына чыккан жарнаманын сүрөтүн тиркеп чыгарган. Бул пост такталбаган маалымат, коомчулукта ача пикир жаралбашы үчүн такталган маалыматты беребиз.

14-январда министрлер кабинетинин калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча атайын буйругу чыгарылган. Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 11 миң 467 тонна биринчи сорттогу ун республика боюнча таратылган.

Ун сатылат деп Lalafo сайтына чыгарган жарнама ээси чынында аталган фонд тарабынан муктаж үй-бүлө катары өзүнө жана майыптыгы бар агасына 2 мүшөк ун бекер алган.

Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын тургуну. Жардам катары алган унду өз алдынча сатууга чыгаруу өз эрки.

Ал эми кайсы бир мамлекеттик орган же кызматкер кыянаттык менен элге берилүүчү унду сатып жатат деген пикир жаңылыштык жана чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан