Орусиялык жылдыздар, блогерлер Instagram`дагы катталуучулары менен коштошууда

Орусияда эртең, 14-мартта Instagram социалдык тармагы чектөөгө алынат. Аталган тармакты орусиялыктарга карата зомбулукка үндөп жатат деп Роскомнадзор чектөөгө алынарын кабарлаган.

Бирок учурда социалдык тармактар коомчулук менен байланыш түзүүдө негизги аянтчалардын бирине айланды. Анын ичинде Instagram дагы орчундуу орунду ээлеген.

Бренддердин аудиториясы социалдык тармактагы катталуучулары менен эсептелинип калган убакта орус жылдыздарынын Instagram тармагынан ажыроосу аларды кыйынчылыкка кабылтары турган иш.

Айрымдар дал ушул Instagram менен жан багып келгени да жашыруун эмес.

Буга байланыштуу аталган социалдык тармакта саналуу сааттары калган орус жылдыздары катталуучулары менен эмоциялуу коштошууларды калтырып, аларды башка тармактагы баракчаларына чакырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан