Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын 3 миң 700 аскердик техникасын жок кылганы айтылды

Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын жалпы 3 миң 700 аскердик техникасын жок кылган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковго таянып РИА Новости жазды.

"Операция учурунда жалпысынан Украинанын аскердик инфраструктурасынан 3 687 объект жарактан чыккан", - деген Конашенков.

Анын айтымында, Украинанын 99 учак, 128 учкучу жок аппараттары, танк жана башка брондолгон аскердик 1 194 унаа, 443 талаа артиллериясы жана миномет, 991 атайын аскердик техникасы жок кылынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан