Казакстан жана Кыргыз өлкөсү электр энергиясын жана суу менен камсыздоону алмашуу боюнча өз ара пайдалуу шарттар менен келишимдерге кол коюшту. Мындай маалымат Казакстандын премьер-министринин расмий сайтына жарыяланды.
"Казакстандын түштүк аймактарын суу ресурстары менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Социалдык тынчтык жана жарандардын бакубаттуулугу өкмөттүн негизги милдети. Бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынган", - деген Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов.
Келишимдин чоо-жайы айтылган жок.
Буга чейин, 2021-жылы дагы коңшу Казакстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында суу алгандыгы кабарланган. Мындай маалымат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын ошол кездеги премьер-министри Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда айтылганы, коңшу тарап ыраазычылык билдиргени коңшу өлкөнүн өкмөт башчысынын расмий сайтында жазылган.
SUPER.KG порталынын Телеграм каналына бул шилтеме аркылуу кире аласыз!