Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында Украинадагы Чеченстандын коопсуздук күчтөрүнүн тобу Киевдин жанында жайгашканын билдирди.
"Биздин жердештер Киев багытында ишин улантууда. Азыр алар Украинанын борборуна жакын жайгашкан", - деп жазды Рамзан Кадыров.
Ошондой эле Рамзан Кадыров чечен аскерлери артка чегинди деген имиштер чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
"Буйрук дагы эле күчүндө", - деп жазды Кадыров.
Буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чечен аскерлери Украинадагы ири аскердик базаны басып алгандыгын билдирген.
SUPER.KG порталынын Телеграм каналына бул шилтеме аркылуу кире аласыз!