Бүгүн,14-мартка карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын бардыгы Бишкек шаарында катталган.
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 миң 742ге жетти.