Орус-украин сүйлөшүүлөрү 14-мартта видео байланыш аркылуу өтөт

Бүгүн, 14-мартта орус-украин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү видео байланыш аркылуу өтөт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Кечээ,13-мартта Украинадагы аскердик кагылышуу учурунда эки тараптан 13 миңден ашуун аскер каза болгондугу маалым болду. Бул тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленський журналисттерге маалымат берип жатып билдирген.

“Бизде 1300дөй аскер кызматкери каза болду, ал эми Орусиянын 12 миңден ашуун аскери көз жумду. Он эсе көп. Мен алардын 12 миң аскери каза болду деп кубанып жаткан жокмун”, - деген Зеленський.

Ошондой эле ал орус президенти менен сүйлөшүүлөргө даярдыгын жана сүйлөшүүлөрдөн кийин тынчтык иш жүзүндө орнойт деп үмүт кылып тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан