12-мартта Анталиядагы дипломатиялык форумдун алкагында, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Кеңешинин жергиликтүү жана регионалдык бийлик конгрессинин президенти Лин Вербек жана башкы катчысы Андреас Кифер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз өлкөсү менен Конгресстин ортосундагы кызматташуу талкууланды.
"Анда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн программасы тууралуу маалымат берип, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө Конгресстин эксперттик потенциалын жана бай тажрыйбасын пайдаланууга кызыкдар экендигин айтылды", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуу Кыргыз Республикасы үчүн “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” макамын алуу боюнча тараптардын кийинки кадамдарын талкуулоого маанилүү мүмкүнчүлүк түздү.