Орус банктары депозиттерди КМШ өлкөлөрүнүн валютасында ачууну сунуштады

Орус банктары өз кардарларына Орусияга каршы чектөөлөрдү киргизбеген өлкөлөрдүн валютасында депозиттерди ачууга уруксат беришет. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, орусиялык банктар кардарларына кытай юанында, КМШ өлкөлөрүнүн валюталарында жана башкаларда депозит ачууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Буга чейин Альфа-Банк мобилдик тиркеме аркылуу юань менен эсеп ачуу мүмкүнчүлүгүн ачып жатканы белгилүү болгон. ВТБ ошондой эле 100 юандан кытай валютасында депозит ачууну сунуштайт, максималдуу ставка жылына 8 пайызды түзөт, аны мобилдик тиркеме аркылуу да каттаса болот.

Ошондой эле Tinkoff банкынан депозиттерди юань менен гана эмес, азербайжан манаты, беларусь рубли, казак теңгеси, түрк лирасы, индия рупийи, армян драмы, гонконг доллары менен ачууга болот.

Азырынча кыргыз сому тууралуу конкреттүү сөз жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан