Жазаларды аткаруу кызматы абакта отурган 70 жаранга паспорт алып берди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин аркасында ишке ашырылган.
Алар муктаж болгон жарандарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун тапшырышкан.