Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусиянын элчилигинин жанында митингдерди өткөрүүгө тыюу салды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусия элчилигинин жанында ар кандай митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Соттун 11-марттагы чечимине ылайык, 11-марттан 11-апрелге чейин райондун аймагында мамлекеттик, муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды, Бишкек шаарынын Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында, борбордук "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппаратынын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюлду.

Жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Бишкек шаарынын Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький атындагы скверге өткөрүүсү жөнүндө чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан