Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинада колго түшкөн аскерлер тартылган видеону социалдык тармактагы баракчаларына жүктөдү.
Маалыматка ылайык, Кадыров бул видеону Украинанын аскер кызматкерлерин кечке чейин багынып берүү талабы менен коштогон. Антпесе кеч болуп каларын белгиледи.
"Биз силерди коопсуздук менен камсыз кылабыз. Мариуполдун айланасында жана ичинде биздин 5 миң мыкты чечен аскерлерибиз бар. Жок дегенде бир жолу карапайым калктын жана шаардын кызыкчылыгы үчүн эркектик кадам таштагыла", - деп жазды Чеченстандын башчысы.
Буга чейин Рамзан Кадыров чечен аскерлери Киевге жакындаганын билдирген.