Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтүн чаптап алып, Бишкекте ат минип жүргөн жаран Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ат минген Абдылда Капаров милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция кызматкерлери тарабынан ага карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйүнө коё берилди", - деп билдиришти ИИМден.