ЭЛДИК КАБАРга жооп: Баткен мэриясы шаардагы көчөлөрдүн биринде жарылган суу түтүгү эмне үчүн оңдолбой жатканын айтты

Баткен шаарынын тургуну порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, шаардагы көчөлөрдүн биринде таза суу түтүгү жарылып, ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айткан.

Анда "Баткен шаарынын аэропорт кварталындагы Раззаков көчөсүндө таза суу түтүгү жарылып калган. Бир жылдай болуп калды. Бир-эки жолу тийиштүү жерге барып кайрылсак, кайдыгер мамиле кылып койду. Кимге кайрылууну билбей жатабыз", - деген окурман.

Жогорудагы маселе боюнча Баткен шаарынын мэриясына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Ал жердеги жашоочулар кызыл сызыктан чыгып, дубал тосмо орнотуп алышкан. Алар дубал тосмо курган жердин астында таза суунун линиялары, түтүкчөлөр калыптыр. Уруксатсыз тосуп алышкан.

Биз ал жакка барып жумуш жүргүзө албай жатабыз. Бул боюнча муниципалдык менчик департаментине кайрылдык. Ошол дубал тосмолорду бузуп алган соң иш жүргүзөбүз", - дешти тийиштүү мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан