Украинанын президенти Володимир Зеленський Фейсбуктагы баракчасына аталган өлкөдөгү аскердик кагылышуулардан жабыркаган шаарлардын, эвакуация болуп жаткан элдин сүрөттөрүн жарыялады.
"Өткөн жылы НАТОнун лидерлерине Орусияга каршы катаал профилактикалык санкциялар болбосо, ал согушка барат деп эскерткем. Мен дагы бир жолу кайталайм эгер биз "асманыбызды" жаппасак, орус ракеталары кийин сиздердин аймакка, НАТОнун аймагына кулайт. Ал убакыттын гана маселеси", - деп жазып калтырган Зеленський.
Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.
Украинадагы аскердик кагылышуулар учурунда эки тараптан 13 миңден ашуун аскер каза болгону айтылууда.
Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын жалпы 3 миң 700 аскердик техникасын жок кылган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковго таянып РИА Новости жазган.