Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин комитети жаныбарларды идентификациялоо боюнча мыйзамдын аткарылышы жөнүндө маселени карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Көчмө жыйын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы “Ветка” дыйкан чарбасына өттү. Комитеттин мүчөлөрүнө жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына жылкыларды фиксациялоо, чиптөө жана каттоо тартиби көрсөтүлдү.
Республика боюнча малды идентификациялоону аяктоо мөөнөтү тууралуу сөз кылган комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев, Айыл чарба министрлиги калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анын ичинде малды идентификациялоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүүсү керектигин белгиледи. Андан тышкары ветеринардык кызматты малды идентификациялоого керектүү техникалык каражаттар менен камсыздоо маселеси да көтөрүлүп, электрондук чиптердин жана биркалардын баасы тууралуу сөз болду.
Андан соң депутаттар Чыгыш айылындагы “Торо” мал союучу жайынын иши менен таанышты. Белгилүү болгондой, аталган жайда бодо мал 1000 сомго союлса, кой-эчки үчүн 400 сомдон 600 сомго чейин акы алынат. Касапкананын суткалык өндүрүштүк кубаттуулугу 1000 баш майда малга жана 200 баш бодо малга эсептелген. Жыйындын жүрүшүндө депутат Султанбай Айжигитов айыл чарба өндүрүшүндө кластердик ыкманы колдонуу менен айыл чарба продукциясын өндүрүп, сатууга чейинки бирдиктүү чынжырчаны түзүү керектигин белгиледи.
Ошондой эле комитеттин мүчөлөрү Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты.