ЭЛДИК КАБАР: "Токтогулда кумшекердин баасы 100 сом болду. Арзан ун сатылган жарманкени айылдарга дагы уюштургула" дейт тургун

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну порталыбыздын "Элдик Кабар" бөлүмүнө кайрылды.

Жергиликтүү тургун аймактарда азык-түлүктүн баалары кескин кымбаттап кеткенин айтып, бийликке нааразычылыгын билдирди.

"Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жарманкеде ун завод баасында сатылат дептир. Жарманкеден арзан алып кызыл кулактар айылдарга кымбат сатышы мүмкүн.

Азыртан эле Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы соодагерлер 1-сорттогу ундарды 2000 сомдон сатып жатышат. Андай болгон соң жарманкенин эмне кереги бар? Эмнеге айылдарга келип жарманке кылышпайт? Айыл тургундары арзан ун алыш үчүн Бишкекке барыш керекпи?

Шаар эле эмес, айылда деле жашоо оорлоп баратат. Баары кымбаттады, малы барлар аны сатып эптеп жатышат. Малы жокторго кыйын.

Өкмөт бир эле шаарларга эле жарманке деп жар сала бербей айылдарга да жарманкесин өткөрсүн.

Кечээ Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы базарда азык-түлүктү көп өлчөмдө алгандар көп болду. Баары кымбаттап жатат", - деди тургун.

Ошондой эле тургун базардагы азык-түлүктүн бааларын айтып берди.

  • "1 литр өсүмдүк майы - 200 сом
  • кумшекер 1 килограммы - 100 сом
  • 1-сорт ун мүшөгү 2000 сом
  • 2-сорт ун мүшөгү 1700-1800 сом болду", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, жарманкелер Бишкек шаарындагы бардык базарларда өтүп, ал жерлерде ундар заводдогу баа менен сатыларын билдирген.


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан