Бишкектеги Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиялык клиникасынын кире беришине кум түшүрүлдү. Бул тууралуу видеону Малика Нурланова аттуу колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, 10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айткан.