Садыр Жапаров коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, кеңешмеде дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасирдин сценарийлери, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан