Орусия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең уланат

Орусия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 15-мартта уланат. Бул тууралуу Украинанын президентинин аппарат башчысы Михаил Подоляк социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жумушчу топтордо кошумча иш алып баруу жана жеке аныктамаларды тактоо үчүн эртеңкиге чейин "техникалык тыныгуу" алынды. Сүйлөшүүлөр уланууда", - деп жазган ал.

Буга чейин бүгүнкү орус-украин сүйлөшүүлөрү онлайн форматта өтөрү айтылган.

Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.

Украинадагы аскердик кагылышуулар учурунда эки тараптан 13 миңден ашуун аскер каза болгону айтылууда.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын жалпы 3 миң 700 аскердик техникасын жок кылган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковго таянып РИА Новости жазган.

28-февралда Беларуста Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өткөн. Анда тараптар бир чечимге келе алышпай, сүйлөшүүлөр уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан