5 жылдан көп иштеген мугалим план-конспект жазбайт. Мугалимдер жүргүзүүгө милдеттүү болгон иш кагаздардын тизмеси бекитилди

Өлкөдө мектеп мугалимдери жүргүзүүгө милдеттүү болгон документтердин тизмеси жана формалары бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка министр Алмазбек Бейшеналиев кол койгон.

Буйрукка ылайык:

предметтик мугалимдер класстык журналды жүргүзүп, календарлык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектин гана түзүшөт.

Ал эми класс жетекчилер класстык журналды жүргүзүп, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун гана толтурушат.

Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда аны чейректин аягында кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл.

Календарлык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет.

Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек стажы 5 жылга жете элек предметтик мугалим сабактын толук план-конспектин жазат. Аны кол менен жазса да болот, компьютерде терсе да болот. Ал эми мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспект жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан