15-мартта Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
- 09:00дөн 17:00гө чейин Манас кең көчөсү №51 үй; Чүй кең көчөсүнүн Манас, Тоголок Молдо менен кесилишкен жери, Пушкин, Рыскулов, Орозбеков, Исанов көчөлөрү;
- 9:30дан 18:30га чейин Курманжан Даткакөчөсүнүн Салиева, Саратов менен кесилишкен жери, Комсомольский туюк көчөсү; Ак-Тилек конушу;
- 9:30дан 17:00гө чейин 6-кичи району №29 үй;
- 10:00дөн 12:00гө чейин Көк-Жар (Куйручук, Молдокулова, Шоокум көчөлөрү);
- 9:30дан 11:00гө чейин Ибраимов көчөсүнүн кесилиши, Горький, Кулатов, Жукеева Пудовкина, Матросов, Геологический туюк көчөсү;
- 9:30дан 13:00гө чейин Кара-Жыгач конушу (Соң-Көл, Исакеев, Оберон, Кара-Жыгач көчөлөрү);
- 9:00дөн 18:00гө чейин Арча-Бешик конушу (Ак-Марал, Ак-Тан көчөлөрү).
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.