Коронавирустан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Каза болгон адам Бишкек шаарынын тургуну. Ал коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 миң 974 кишини түздү.