Баткенде жер титирөө катталды

Баткенде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-март күнү саат 12:29да Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Достук, Кулунду, Жаңы-Жол айылдарында 3 балл, Тогуз-Булак, Восточный, Маданият, Катраң, Кара-Суу, Булак-Башы айылдарында, Сүлүктү шаарында, Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Үч-Дөбө, Рават айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан