Орусиянын "Биринчи каналы" түз эфирде жаңылык көрсөтүп жаткан маалда согушту токтотууга чакырган плакат көтөргөн кыз кирип келди.
Маалыматка ылайык, кыз кирип келген маалда түз эфирде жаңылыктар көрсөтүлүп жаткан. Ал эфирге чыккан маалда эфир токтотулган эмес. Түз эфирге кирип келген кыз жана аны уюштургандар кармалган.
Өз кезегинде "Биринчи канал" бул боюнча ички териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.