Мамлекет миң тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майын арзан баада сатыкка чыгарат

Мамлекет миң тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майын арзан баада сатыкка чыгарат. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик материалдык резервден чыгарылган кумшекер 70 сомдон, өсүмдүк майы 130 сомдон сатыкка чыгат.

"Соңку кырдаалда элибиз азык-түлүк боюнча чочулап, дүкөндөрдөн көп өлчөмдө сатып алып жатканын көрүүдөбүз. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун буйругу менен миң тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы мамлекеттик материалдык резервден арзан баада сатыкка чыгат.
Мамлекеттик материалдык резерв биринчи жолу азык-түлүк менен толук камсыздалган", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан