Нооруз-2022. Ошто 2 тоннага жакын сүмөлөк кайнатылат

Ош шаарында Нооруз майрамына карата 2 тоннага жакын сүмөлөк кайнатылат. Бул туурасында Ош шаардык маданият башкармалыгынан билдиришти.

"Облустагы ар бир аймактык башкармалыктар чоң казандарга сүмөлөк кайнатышат. Ар бир казанга 250 килограмм сүмөлөк батат. Андан тышкары шаардык мэриянын алдында да сүмөлөк кайнатылып, жалпы 2 тоннага жакын болот. Нооруз майрамына карата кайнатылган сүмөлөк аймактарда 20-мартта, ал эми шаарда 21-мартта берилет.

Андан тышкары Ош мамлекеттик университети тарабынан концерттик иш-чара уюштурулат", - дейт башкармалыктын башчысы Элдияр Кадыркулов.

Мекеменин жетекчисинин айтымында, Нооруз майрамын өткөрүүгө, сүмөлөк кайнатууга каражаттар жергиликтүү бийликтин бюджетинен жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда Нооруз майрамын утурлай 1 тонна сүмөлөк кайнатылары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан