"Бир адам жабыркаган". Бишкекте автобус жеңил унаа менен кагышты

Бишкекте автобус менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 15-мартта эртең мененки саат 09:00 чамасында болгон. Анда №48 автобустун айдоочусу Фучик көчөсү менен түндүк тарапка бара жатып Фольксваген Гольф III унаасы менен кагышкан. Кырсыктан бир адам жабыркаган. Аны "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери ооруканага алып кетишти. Учурда кайгуул кызматы жеринде иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан