КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону, юморист Ростислав Ященкого унаа айдап бара жатканда коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Коопсуздук курун тагынбаган айдоочуга милициянын кайгуул кызматы тарабынан тийиштүү протокол толтурулуп, миң сом айып салынды.
Ошол эле учурда бул жаран өзүнүн маданияттуулугун көрсөтүп, кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди", - дешти милициянын кайгуул кызматынан.