Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын өткөрүп жатып, бюджетте каражат кенендигин, мамлекеттик материалдык резерв азык-түлүккө толгонун айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
"Соңку кырдаалда элибиз азык-түлүк боюнча чочулап, дүкөндөрдөн көп өлчөмдө сатып алып жатканын көрүүдөбүз. Бирок бюджетте акча кенен, мамлекеттик материалдык резерв азык-түлүк менен толук толтурулган. Кабатыр болуунун кереги жок. Учурда өлкөдөгү азык-түлүк боюнча кырдаал толук көзөмөлдө", - деди министр.