Мал союлуп, ысырапкорчулукка тыюу салынганы эскертилди. Бишкекте Нооруз майрамында өтүүчү иш-чаралардын тизмеси

Быйыл Нооруз майрамына карата Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында концерттик иш-чара өткөрүлөт. Борбор калаанын башкармалыгынан кабарлашкандай, салтанат 21-мартта саат 10:00дө башталат. Анда театралдаштырылган концерт уюштурулуп, эстраданын белгилүү ырчылары катышат.

Ал эми саат 15:00дөн баштап:

• Ынтымак-1 сейил багында мастер-класстар, салттуу ырым-жырымдар өткөрүлүп, концерт болот;
• Ынтымак-2 сейил багында улуттук ашкана, суусундуктар, кийимдер жана искусство боюнча көргөзмө болот;
• Ден соолук сейил багында спорттук иш-чаралар орун алат.

"Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында өтө турган Нооруз майрамын белгилөө боюнча уюштуруу маселелерине арналган жыйында президенттин жарлыгы менен шаардык кызматтарга жана райондук администрацияларга мал союуга жана ысырапкорчулукка тыюу салынганы эскертилди. Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, сиздерди жазды чогуу тосууга чакырабыз. Шаардык иш-чараларга келиңиздер, кызыктуу болот", - дешет мэриянын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан