Өлкөдө азык-түлүктүн тартыштыгы жок экенин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Айтымында, дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам өлкөдө азык-түлүк жетишсиз деген имиштер жаралды.
"Учурда тамак-аш азыктары негизги көйгөй катары көтөрүлүп жатат. Кечээ эл "кумшекер жок" деп негизсиз дүрбөлөңгө түштү. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу болгондуктан сиздерге так маалымат берүүнү туура көрдүм. 30 жылдан бери уурдалып, тонолуп, талкаланып келген материалдык резервдик фонд өлкө башчыбыздын тапшырмасы менен толукталып, сакталып турат. 14-марттан баштап 1 миллион килограмм кумшекерди базарга чыгардык, килограммын 70 сомдон сатып баштайбыз. Ошондой эле мамлекет өсүмдүк майынын баасын да жөнгө салып турат.
Материалдык резервдик фонд түзүлгөн келишимдердин негизинде кошумча кумшекер, өсүмдүк май, күйүүчү майларды толуктап баштады.
Орусия менен Украинанын кагылышуусуна карабастан вагондор менен дыйкандарга арпа, буудай, буурчак, күн карама, люцерна үрөндөрүн алып келип жатабыз. Буга чейин 11 миллион 467 килограмм унду калктын аярлуу катмарына бөлүп бердик. Чек ара ачык, ошондуктан азык-түлүк жагынан эч кандай жетишпестик болбойт. Андыктан болбогон, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз", - дейт министр.