Украинадагы кырдаалдан улам өлкөгө үрөндөр кечигип келүүдө

Украинадагы кырдаалдан улам Кыргыз өлкөсүнө үрөндөр кечигип келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-марттагы маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында Кыргыз өлкөсүнө Орусиянын Краснодар аймагынан буудай, арпа, сафлор, буурчак, күн карама келүүдө.

“Азыр үрөндү ташып келүү бир аз кармалууда, анткени ал батыш тараптан келет. Ал жактагы соңку окуяларга байланыштуу темир жолдун ишине тоскоолдуктар болууда. Темир жолдон биринчи куралдуу күчтөрдү өткөрүп, буга байланыштуу үрөндү кечиктирип өткөрүшүүдө. Бирок буга карабай үрөндүн жарымын алып келдик. Өзбекстандын темир жолу жабык болгондуктан өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү кыйынга турууда. Бирок министрлик Бишкекке келген үрөндөрдү унаа менен өлкөнүн түштүгүнө ташып жатат”, - дейт Ажикеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан