Нарында 8 жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
7-март күнү Нарын районунун Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 8 жаштагы Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Издөө иши 8 күндөн бери жүргүзүлүп, натыйжасыз болууда.
Бүгүн жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 20 куткаруучусу тартылып, издөө иштери уланууда.