Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары талкууга алынды.
Аталган маселе боюнча санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов маалымат берди. Ал электрондук өкмөттү ишке ашыруу долбоорлоруна, ошондой эле мамлекеттик санариптик кызматтарды көрсөтүү жана тармакты өнүктүрүү маселелерине токтолду.
Тактап айтканда, 2019-2023-жылдарга карата белгиленген Жол картасында 256 иш-чараны камтыган 117 тапшырманы ишке ашыруу каралган. “2021-жылдын жыйынтыгы боюнча пландаштырылган 115 иш-чаранын 36сы аткарылды” деди министр.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 33 мамлекеттик органда, 500дөн ашык ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө, 32 шаардын мэрияларында, 452 айыл өкмөттөрүндө жана башка мамлекеттик органдарда аталган система киргизилген.