Милициянын кайгуул кызматы унаа жуучу жайларга айып салды

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар үчүн 67 500 сом айып салынганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу милициянын кайгуул кызматы жол жээктердеги “Автоунаалар жүрүүчү жолдор” тууралуу мыйзамга каршы келип, орнотулган көрнөк-жарнактар, баннерлер, көрсөткүчтөр, белгилер, плакаттар жана башка баш аламан белгилер боюнча атайын иш алып барууда. Анын алкагында “Рекламный щит” аталышында рейддик иш-чара жүрүп, төмөнкү бузуулар аныкталган;

- өз алдынча туура эмес жарнак-баннерлерди орнотуп алган 20 факты;

- кемчиликтери менен орноткон 7 жаранга кайрадан калыбына келтирүү үчүн эскертүүлөр берилди;

- туура эмес орнотулган 13 көрнөк-жарнактарга тийиштүү протокол толтурулуп, 67 миң 500 сом айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан