Польша, Чехия жана Словениянын премьер-министрлери Зеленський менен сүйлөшүү үчүн Киевге келишет

Польша, Чехия жана Словениянын премьер-министрлери Зеленський менен сүйлөшүү үчүн Киевге келишет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Министрлер кеңешинин төрагасы Матеуш Моравецкий жана министрлер кеңешинин вице-премьер-министри, Улуттук коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасы Ярослав Качиньский, Чехиянын премьер-министри Петр Фиала, жана Словениянын премьер-министри Янез Янша бүгүн Киевге баратышат. Евро кеңештин өкүлдөрү Украинанын президенти Володимир Зеленський жана Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль менен жолугушат. Сапардын максаты – бүткүл Евробиримдиктин Украинанын эгемендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына шартсыз колдоосун ырастоо, ошондой эле Украина мамлекетине жана коомуна колдоо көрсөтүүнүн кеңири пакетин көрсөтүү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан