Парламент комитети "Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети "Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоору боюнча №2 кошумча макулдашууну жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган маселе боюнча энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев маалымат берди. Ал белгилегендей, кошумча келишим насыя боюнча төлөмдөрдү 2 жылга жылдырууга багытталган.

"Бул макулдашуунун шарттарына ылайык, негизги карызды алгачкы тындыруунун биринчи датасы деп 2021-жылдын 30-сентябры, ал эми экинчи датасы 2022-жылдын 30-мартына белгиленген. Ушуну менен бирге бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандан кийин макулдашуу 2019-жылдын 17-апрелинде гана күчүнө киргенин жана кредиттик каражаттарды иш жүзүндө өздөштүрүү макулдашууга кол койгон учурдагы жоюу графигинде болжолдонгон мөөнөттөрдөн кийин башталганын эске алып, негизги карызды жоюу графигин өзгөртүү жана негизги карызды жоюу датасын 2024-жылдан тартып 2039-жылга чейин ар бир жылдын 30-мартына жана 30-сентябрына белгилөө зарылчылыгы келип чыкты", - деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетине доллар менен евронун курсунун кескин көтөрүлүшүн эске алуу менен чет элдик валютада алынган кредиттерди төлөө механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

Депутаттар Камбар-Ата ГЭСтерин куруу долбоорлорун ишке ашыруу жана жалпысынан энергетика тармагын өнүктүрүү, генерациялоочу кубаттуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын колдонуу боюнча бир катар чараларды сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан