Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы СИЗОго киргизилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык сотунун 13-марттагы токтому менен айыпталуучу И.А.К. камакка алынды. Ага ылайык, И.А.К. эки айга, тактап айтканда 12-марттан 11-майга чейин камалды.

Эскерте кетсек, 11-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Б.А.И. аттуу кызматкери кармалган. Алар T.Б.T. аттуу жергиликтүү ишкерден опузалап 120 миң сом талап кылып, анын 90 миң сомун алып жаткан учурда кармалган. Кармалган И.А.К. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Б.А.И. аттуу адам менен алдын ала сүйлөшүп, жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан