Акыркы эки айда 133 киши каржы пирамидаларына алданып, 61 миллион сом чыгым тартышты

Ушул жылдын эки айында 133 киши каржы пирамидаларына алданып, 61 миллион сом чыгым тартышты. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, ИИМ дагы бир катар каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча фактыларды аныктады. 2022-жылдын 2 айында эле каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91 сотко чейинки өндүрүш иштеринин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилген.

"Фактылардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны - 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым 61 миллион сомдон ашык болгон", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан