"Вестерн Юнион" Орусия жана Беларусь өлкөсү менен иштешүүнү 24-марттан тарта токтотот

"Вестерн Юнион" акча которуу системасы Орусия жана Беларусь өлкөсү менен иштешүүнү 24-марттан тарта токтотот. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-марттан тартып "Вестерн Юнион" акча которуу системасы өз ишин Орусия Федерациясында жана Беларуста токтото тургандыгын билдирген.

"БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" ЖЧКнын катына ылайык, Орусия Федерациясынан жана Беларустан "Вестерн Юнион" системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөнүп берилет.

Ошол эле учурда аталган эки өлкөдөн сырткары Кыргыз өлкөсүнөн башка өлкөлөргө жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз өлкөсүнө бардык акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан