Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы мечитте шаардагы бүткүл имамдардын чогулушу өтүүдө.
Бүгүнкү чогулушта маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулук маселеси талкууланат.
Ошондой эле имамдарга президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыкты ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилет.
Жыйынга имамдардан тышкары район кызматкерлери, мэриянын өкүлдөрү катышууда.