Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келет. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-мартта өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушууда иш сапарды уюштуруу маселесин талкуулашты. Бирок Казак президенти Бишкекке качан келери так айтылган жок.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы бир катар, анын ичинде чек ара бекеттеринен өтүүнү калыбына келтирүүнү тездетүү боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле Казакстан Кыргыз өлкөсүнө 1000 тонна буудайды гуманитардык жардам катары берип жатканы белгилүү болду.