Бүгүн, 16-мартта Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы "Хулафаи Рашидин" мечитинде Бишкек шаарынын казысы Самидин Атабаев шаардагы имамдарга жыйын өттү.
Жыйында негизгинен маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулук маселеси талкууланды.
Ошондой эле калк арасында ысырапкорчулук боюнча түшүндүрү иштери жүрүп жатканын SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын казысы Самидин Атабаев билдирди.
"Бул жыйындын максаты президентибиз Садыр Жапаровдун ысырапкорчулукту жоюу боюнча жарлыгынын негизинде Бишкек шаарындагы имамдар менен ушул маселени талкуулайлы деп турабыз. Ошондой эле муфтиятыбыз бул жарлыктын алкагында атыйын фатва чыгарган. Имамдарды ошол фатва менен тааныштырып, анан жалпы тапшырмаларды берели деп жатабыз.
Негизи бул жарлык чыкканга чейин имамдарыбыз көп эле жерде сунуштарды берип келген. Ал убакта жарлык болбогондуктан көпчүлүк маани берген эмес. Азыр жарлык имамдарга аябай жагып жатат, имамдар мындайча айтканда сүйүндү. Бул имамдардын мүдөөсү болчу", - деди Самидин Атабаев.