Ош шаарында нөшөрлүү жаан-чачындан улам ичүүчү суу үзгүлтүккө учурады. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, учурда кичи райондорго суу жеткирүү боюнча арыздар кабыл алынууда
"Ош шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам шаардын бир катар кичи райондорунда суу үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу "Ошсууканал" муниципалдык ишканасы суу жеткирүү үчүн арыздарды кабыл алууда. Арыздар 105, 8-11-15, 8-11-51, (0553)200-105, (0556) 153-526 номерлери аркылуу кабыл алынат.
Учурда 10 суу ташуучу унаа менен жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет мэриядан.